Сауд Арабия, Түркия жана Пакистан коргонуу жаатында келишимге кол коюшту

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф. 7-август, 2026-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф. 7-август, 2026-жыл
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Сауд Арабия, Түркия жана Пакистан АКШ менен Ирандын ортосундагы согуштун шартында биргелешкен коргонуу келишимин түзүштү. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги келишимге ылайык, үч өлкөнүн бирине жасалган кол салуу "келишимдин бардык катышуучуларына каршы жасалган кол салуу" катары караларын билдирди.

Документ "Меккенин биргелешкен коргонуу келишими" (Mecca Joint Defence Agreement) деп аталып, мусулмандардын эң ыйык жайы болгон Меккеге шилтеме жасайт.

Келишим тууралуу Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин Сауд Арабиясынын Жидда шаарындагы жолугушуусунан кийин жарыяланды.

Шахбаз Шариф менен бирге Жиддага Пакистан армиясынын башкы командачысы Асим Мунир да барган.

Биргелешкен билдирүүдө келишимдин негизги максаты жамааттык коопсуздукту чыңдоо, ошондой эле аймакта жана анын чегинен тышкары тынчтык менен туруктуулукту бекемдөө экени айтылат. Бирок тараптардын конкреттүү милдеттенмелери азырынча ачык жарыяланган жок.

Түркиянын өкүлү келишим жалаң коргонуу мүнөзүнө ээ экенин жана анын катышуучуларынын бирине кол салуу болгон учурда гана өз ара колдоону карай турганын тактады.

Келишимге катышкан өлкөлөр өз ара милдеттенмелердин маанисин белгилөө менен бирге, ага келечекте аймактагы башка мамлекеттер да кошула аларын билдиришти.

Сауд Арабиясы жаңы өнөктөштөрдү издеп жатат

Акыркы айларда Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшүнө байланыштуу коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө аракет кылууда. Бул жаңжал Сауд Арабиясына түздөн-түз таасир тийгизип, Ормуз кысыгы жана Кызыл деңиз аркылуу өткөн деңиз каттамдарында олуттуу үзгүлтүктөрдү жаратты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өткөн жылы Сауд Арабиясы менен Пакистан өз ара коргонуу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшкан.

Эр-Рияд үчүн Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөгөн шартта аймактык коопсуздук системасын бекемдөө өзгөчө маанилүү болуп калды.

Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжал Тегерандын жана ал колдогон Йемендеги хуситтердин позициясын бекемдеди. Хуситтер Сауд Арабиясынын аймагына бир нече жолу сокку урган. Ошол эле учурда аналитиктердин айтымында, АКШ аймактагы өнөктөштөр тарабынан коопсуздук жаатында мурдагыдай ишенимдүү өнөктөш катары кабыл алынбай бара жатат.

Согуш башталгандан бери Сауд Арабиясы Түркия, Египет жана Пакистан менен кызматташтыкты кыйла күчөттү. Бул өлкөлөр жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экенин билдиришкен.

Жаңы коргонуу келишиминин түзүлүшү Эр-Рияд менен коңшу Йемендеги хуситтердин ортосундагы жарашуу келишиминин токтошу менен дал келди. Макулдашуу бузулгандан кийин козголоңчулар Сауд Арабиясынын аймагына кайрадан чабуулдарын күчөтүп, өлкөгө каршы деңиз блокадасын жарыялашты. Бул Сауд Арабиясынын мунай ташыган танкерлерине кол салуулар аркылуу ишке ашырылып жатат.

Сауд Арабиясы Ирактагы шиит куралдуу топтору менен Йемендеги хуситтер тарабынан дагы жаңы, макулдашылган чабуулдар болушу мүмкүн экенин жашырбайт. Дал ушундан улам падышалык аймактагы өнөктөштөр тармагын активдүү кеңейтүүдө.

Сауд армиясынын жана өкмөтүнүн жетекчилигине жакын булак AFP агенттигинин билдиргендей, Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистан ортосундагы бул келишим көптөн бери талкууланып келген. Бирок "аймактагы акыркы окуялар бул процессти кыйла тездетти".

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф. 7-август, 2026-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф. 7-август, 2026-жыл

Ислам дүйнөсүнүн үч негизги оюнчусу

Түркия АКШдан кийинки НАТОдогу саны боюнча экинчи эң чоң армияга ээ.

Сауд Арабиясы Перс булуңундагы эң ири мамлекет болуп саналат. Ал исламдын эки башкы ыйык жайынын сактоочусу жана дүйнөдөгү алдыңкы мунай экспорттоочулардын бири.

Пакистан болсо өзөктүк куралга ээ болгон жалгыз мусулман өлкөсү бойдон калууда.

Gulf Research Center изилдөө борборунун төрагасы Абдулазиз Сагер Меккедеги жолугушууну чоң саясий символизмге ээ окуя деп атады.

"Мусулман дүйнөсүнүн эң таасирдүү үч мамлекети аймактагы болуп көрбөгөндөй белгисиздик шартында чогулуп, коопсуздук жаатындагы аракеттерин мурдагыдан да тыгыз координациялоого даяр экенин көрсөтүп жатат", - деди ал Reuters агенттигине.

Анын айтымында, эгер бул үч тараптуу формат институттук негизде өнүгүп, практикалык кызматташтыкка айланса, анда ал үч өлкөнүн дипломатиялык жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу күчөтүп, аймактагы жаңы коопсуздук архитектурасынын калыптанышына өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Бул үч өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтык көп жылдан бери уланып келет. Пакистан ондогон жылдардан бери саудиялык аскер кызматкерлерин даярдап, Эр-Риядга техникалык жардам көрсөтүп жүрөт. Ал эми Түркия менен Пакистан аскер кызматкерлерин даярдоо боюнча биргелешкен программаларды үзгүлтүксүз өткөрүп, бири-бирине аскердик техникаларды жеткирип турушат.

2023-жылы Сауд Арабиясы Түркиянын аскердик өнөр жайынын тарыхындагы эң ири келишимге кол коюп, сокку уруучу учкучсуз учактарды сатып алган.