Жапаров жасалма интеллект мамлекеттик органдардын ишин илгерилетип жатканын айтты

ЕАЭБ форуму Астанада өтүп жатат, 28-май, 2026-жыл

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЕАЭБ форуму Астанада өтүп жатат, 28-май, 2026-жыл
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн 28-майда Астанага барды.

Иш-чарага Орусия президенти Владимир Путин, Беларустун лидери Александр Лукашенко, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Кубанын вице-президенти Сальвадор Меса катышууда.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Астанада санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды.

Иш-чара Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борборунда өтүүдө.

"Экспозицияда негизги басым санариптештирүүгө жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө жасалган. Бул жерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жасалма интеллектти өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана санарип экономикасын өнүктүрүүгө багытталган заман талабындагы технологиялык жаңылыктар көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын көргөзмө тактасында өлкөнүн фискалдык тутумун жакшыртуу үчүн колдонулуп жаткан санариптик каражаттар көрсөтүлдү.

V Евразия экономикалык форуму "ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым жасоо"деген теманын алдында өтүүдө.

Садыр Жапаров бүгүн Евразиялык экономикалык форумдун пленардык сессиясында сөз сүйлөп, өлкөдө заманбап санариптик мамлекеттик экосистеманы түзүү боюнча кеңири иштер жүргүзүлгөнүн айтты:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бир нече жыл мурда мен мамлекеттик кызматтарды жана башкарууну санариптик форматка өткөрүү тапшырмасын койгом. Ал кезде бул көпчүлүк үчүн өтө татаал маселе болуп көрүнгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жараны бир дагы мамлекеттик органга барбастан эле уюлдук телефон аркылуу эле кыймылсыз мүлктү кайра каттатып, маалымкат алып же документтерди тариздей алат. Бир караганда бул жөн гана ыңгайлуулук сыяктуу көрүнөт. Иш жүзүндө бул мамлекеттин ачыктыгынын таптакыр жаңы архитектурасы".

Бүгүн, 29-майда Жогорку Евразиялык эконмикалык кеңештин жыйыны өтөт.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) — бул аймактык экономикалык уюм. Анын максаты шаркетке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда товар, кызмат, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүн камсыз кылуу болуп эсептелет. Бирок айрым товарларды чек арадан өткөрүүдөгү катаал талаптар, санитардык жана ветеринардык тоскоолдуктар бар.

Уюмга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения мүчө.

Астанага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келген жок. Мурдараак ал шайлоо компаниясынан улам бара албай турганы кабарланган. Пашинян Армения кайсы бир убакта ЕАЭБден чыгууну чечсе, бул кескин кадамдарсыз, акырындык менен ишке ашарын билдирген. Ал ЕАЭБдин курамында калуу же ЕБга кошулуу армян элинин тандоосунан көз каранды экенин айтууда.