ИИМ Сыргак Кенжебаевди чет өлкөдөн кармап келгенин кабарлады

Сүрөттүн булагы, official
Бүгүн, 13-октябрда Ички иштер министрлиги алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн Сыргак Кенжебаев жапырт башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалып, чет өлкөдөн Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.
ИИМдин маалыматына ылайык, Сыргак Кенжебаев буга чейин бирге ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен жаран М.Н. аттуу жарандан 150 миң долларын алдап алган деп шектелүүдө. Бул факты боюнча ага издөө жарыяланган.
"Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн К.С. интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялай баштаган. Аталган факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Сыргак Кенжебаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Сыргак Кенжебаев ким?
Сыргак Кенжебаев ишкер катары белгилүү. 2018-жылы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ага чейин "Юнилаб" логистикалык компаниясын жетектеген.
2019-жылы декабрда УКМК Кенжебаевди кытайлык ишкердин 350 миң долларын алдамчылык жолу менен алган деген шек менен кармаганын билдирген. Кийинчерээк ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин тергөө абагынан чыккан. Ошол эле жылы октябрда соттун чечими менен кайра абакка кайтарылганы кабарланган.
2026-жылы августта Кенжебаев президент Садыр Жапаровдун жакындары өлкөдөгү бажы тармагына жана мамлекеттик чечимдерге таасир этери тууралуу видеокайрылуу жарыялаган. Президенттик администрациянын өкүлү Дайырбек Орунбеков анын бажыдагы коррупция жана көмүскө схемалар тууралуу айткандарын четке каккан.
2026-жылдын сентябрында бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары Кенжебаевди Камбоджада кармоо аракети болгонун жазышкан. Кенжебаев кыргызстандык күч түзүм органдары аны кармоого аракет кылышкан, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн айткан.
Сыргак Кенжебаев "Кумтөрдүн" мурдагы башчысы, чет өлкөдө жүргөн Тенгиз Бөлтүрүк, активист Самат Кушбек менен бирге "Шумкар" аттуу кыймыл түзүлгөнүн жарыяллаган. Алар социалдык тармактарда бийликтин сындаган видеолорду жарыялап келишет.
Сыргак Кенжебаевдин жакындары жана адвокаттары комментарий берише элек.
































