Ташовдун апасы президентке кайрылды. Жапаров ишкерге ырайым гана бериши мүмкүн экенин айтты

Имамидин Ташов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Имамидин Ташов
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкек шаардык соту тарабынан 8 жылга соттолгон Имамидин Ташовдун апасы Саипжамал Абдукаимова 12-октябрда президентке кайрылып, уулунун ишин көзөмөлдөп, жардам берүүнү суранды. Садыр Жапаров 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөргөн.

"Менин балам Имамидин Ташов эч күнөөсүз үч жылдан бери кармалып отурат. Жасалма айып менен кармалган. Сиздин башыңыздан да өттү. Ушул ишти тыкыр иликтеп, өзүңүз көзөмөлдөп, жардам беришиңизди суранам. Ошондой эле компанияда да өтө көп проблемалар болуп жатат. Ушул компанияны башка бирөө жетектеп турган мезгилде 560 млн сомду жеп кеткен. Аны Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү карап, аягына чыгарбай, ишти жаап коюп жатат. Биз элдин үйүн куруп беришибиз керек. Ошондой эле объектилер камакта. Ушуга жардам берсеңиз. Буга чейин мен сиздин жардамыңызды көрдүм. Биздин акчабыз камакта болгон учурда, сиз бизге жардам берип, акчаны алдык. Буга чоң ыраазычылык. Мындан кийин да элдин үйүн куруп беришибиз керек. Көйгөйлөрүбүзгө көңүл буруп, жардам берип койсоңуз деп келдим", - деди Ташовдун апасы.

Садыр Жапаров Ташовдун ишинен кабардан экенин, ал төңкөрүш аракети үчүн кесилгенин билдирип, ырайым гана бере ала турганын айтты:

"Саипжамал апа, уулуңуз боюнча тээ башында маалымат алгам, билем. Эч ким аны тузакка түшүргөн эмес. Ал отуруп алып, революция кылам деп 450 миң долларлык мүлкүн, батирлерин криминалдарга тараткан. Ал убакта Көлбаев тирүү болсо керек эле. Ошонун балдарына, ошого берген. "Мына, алгыла, чыгып бергиле" деген. Акча чачып, революция кылабыз деген. Мен аны билем. Үйлөрдүн акчасын алып алган дагы шайлоого иштетип жиберген. Бирок үй салып бере албай калган. Аны да мен териштиргем. Элдерди зарлатпагыла, деп Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевди жиберип, бир-эки үйдү аягына чейин бүтүрүп, элди киргизип, пайдаланууга берилбей жаткан үйүн берип, элдин маселесин чечип бергем. Эми дагы чечиле элек маселеси бар деп айтып жатасыз. Мен аны карап көрөюн. Ал эми уулуңуз боюнча сотторго көрсөтмө бере албайм. Эгер соттордун өкүмү күчүнө кирсе, мага кайрылыңыз, мен ырайым гана бере алам".

Имамидин Ташов акыркы сөзүн сүйлөп жаткан учур. 17-июль, 2026-жыл.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Имамидин Ташов акыркы сөзүн сүйлөп жаткан учур. 17-июль, 2026-жыл.

Быйыл 17-июлда Бишкек шаардык соту "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовду 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Сот аны "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча актап, "бийликти басып алуу" жана "бийликти басып алууга чакырык жасоо" боюнча күнөөлүү деп тапкан. Адвокаттар сот чечимине макул эместигин, кассациялык тартипте кийинки инстанцияга кайрылыша турганын билдиришкен.

Ишкер Имамидин Ташов 2025-жылдын 25-июлунда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга эркинен ажыратылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Ишкердин жактоочусу бул өкүмгө макул болбой, шаардык сотко арызданган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылдын апрель айында кармаган. Атайын кызмат ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалганын маалымдаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып тагылган.

Ташов буга чейин абакта кыйноого кабылганын, шарттардын начардыгына нааразы болуп, бир нече жолу өзүнө кол салып, ачкачылык жарыялаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"KG Group" курулуш компаниясынын директору Имамидин Ташов 2024-жылы 9-январда социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, белгисиз жерде сегиз күн кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан.

Эртеси эле ага "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Парламент жыйынында УКМКнын ал кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлери андан пара талап кылганын четке каккан.

"Бизге төгүп жаткан же УКМКга төгүп жаткан акчалардын баары атайын эсепке түшөт. Мамлекеттин бюджетине кетет. Аны бир дагы кызматкер, мен же башкабыз көрбөйбүз. Имамидин Ташов калп сүйлөп, видеокайрылуу жасаганга өтүп алды. Ойноп жүрүп бир күнү бели сынат", - деген Ташиев.

УКМК Ташовго издөө жарыялагандан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатканын кабарлаган. Аткаминер Бишкекте KG Group компаниясы курган тогуз объект бар экенин, үч үй пайдаланууга берилгенин, калган үйлөрдө адамдар жашап жатканына карабай, документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына электигин айткан.

Курулуш тармагында ишкерлик менен алектенген Ташов 2021-жылы президенттик шайлоого ат салышкан болчу.