BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Азиада-2026: Кыргызстан Жапонияга 174 спортчу менен барат. Медалдар кайсы спорттордон күтүлөт?
Кыргызстан Аичи-Нагояда өтө турган XX Жайкы Азия оюндарына 174 спортчу менен катышат. Улуттук курама 28 спорт түрүнө катталган. Эң көп спортчу футболдо -25, волейболдо - 24, күрөштө -15 жана дзюдодо -13 спортчу.
Корея Борбор Азияга жүзүн бурууда: Кыргызстан кызматташтыктан эмне күтөт?
16-сентябрда Сеулда биринчи жолу C5+1 форматында "Түштүк Корея - Борбор Азия" саммити өттү. Анын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Түштүк Корея менен эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү жана Сеул декларациясын кабыл алышты.
Косовонун мурдагы президенти Хашим Тачи аскер кылмыштары үчүн 25 жылга соттолду
Косово боюнча атайын сот Хашим Тачи жана дагы үч айыпталуучуну 1998–1999-жылдардагы согуш учурунда адамдарды мыйзамсыз кармоо, ырайымсыз мамиле кылуу, кыйноо жана киши өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп тапты. 58 жаштагы Тачи 25 жылга эркинен ажыратылды, анын шериктери 13 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө кесилди. Тачи күнөөсүн мойнуна алган жок.
Путин мактаган генерал Орусиянын Баатыры наамын алгандан эки жума өтпөй каза болду
4-мотоаткычтар бригадасынын командири, "Грозный" лакаб аттуу генерал-майор Антон Грунис фронт тилкесине жакын жерде Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов ага Орусиянын Баатыры наамын тапшыргандан эки жума өткөндөн кийин каза болду. Грунис фронттогу кырдаал тууралуу кеминде эки жолу президент Владимир Путинге жеке өзү баяндама жасап, Путин офицерди эл көзүнчө мактаган.
"Мектепте бекер бериле турган китептер базарда сатылууда". Укук коргоо органдары текшерүү баштады
Кыргызстанда мамлекеттик мектептердин окуучуларына акысыз берилүүгө тийиш болгон окуу китептеринин базарларда сатылып жатканы боюнча укук коргоо органдары текшерүү жүргүзө баштады. Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен китептердин базарга кандай жол менен түшкөнү аныкталат. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев базарларда мамлекеттик мектепке арналган окуу китебин сатып алганын билдирген. Ал ошол эле кезде мектептерде китеп жетишсиз болуп жатканын да айткан.
Жогорку Кеңеште үч жылга соттолгон дарыгер Насира Бейшебаеванын маселеси көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин 16-сентябрдагы жыйынында Бишкек шаардык соту үч жылга эркинен ажыраткан Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун нефрологу Насира Бейшебаеванын иши көтөрүлдү.
Сирияда күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу массалык нааразылык акциялары башаламандык менен коштолду
Сирияда Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийинки эң ири нааразылык акциялары өттү. Буга бийликтин күйүүчү майдын баасын көтөрүү чечими себеп болду. 13-сентябрда Сириянын өкмөтү дизель отунун баасын 40%, бензиндин баасын 28% көтөрөрүн жарыялаган.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
"75чилердин каты": Башкы прокуратура Ташиевдин адвокатынын арызын карап баштады
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун судьялардын чечимине байланыштуу кайрылуусун каттоого алып, аны кароону баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Мыйзам боюнча мекеме 14 жумушчу күндүн ичинде жообун бериши керек.
Түркияны дүрбөлөңгө салган өзбекстандык аялдардын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты
Стамбулдагы Анадолу 17-оор кылмыштар боюнча соту 31 жаштагы Дилшод Турдимуротов менен 29 жаштагы Гафуржон Камолхожаевди 36 жаштагы Дурдона Хакимованын жана 32 жаштагы Сайёра Эргашалиеванын өлүмүнө күнөөлүү деп тапты. Эки айыпталуучуга тең Түркиядагы эң оор жазалардын бири болуп саналган эки жолудан күчөтүлгөн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы берилди.
АКШ космоско курал жайгаштырганын биринчи ирет мойнуна алды
АКШ биринчи жолу Жердин орбитасына чабуул койуучу курал жайгаштырганын мойнуна алды.
"Чийилип көнүп калгам". Аалы Туткучев Таластагы майрамда ырдабай калганы боюнча үн катты
Төкмө акын Аалы Туткучев Таласта Кыргызстандын Эгемендигинин 35 жылдыгына арналган иш-чарада ырдабай калганына байланыштуу коомдук талкуулардан кийин өз пикирин билдирди. Ал буга чейин Таласта ырдабай калганына "протокол" себеп болгонун кыйыткан. Ал эми Талас облусунун жетекчиси Эрмат Жумаев акынды иш-чаранын программасын тактабай туруп чакырганын айтып, муну өзүнүн кемчилиги деп атады.
"Биз Кытайдан алдыдабыз". Трамп ЖИни иштеп чыгууну жайлатууга каршы чыкты
АКШнын президенти Дональд Трамп ЖИнин алдыңкы моделдерин иштеп чыгууну жайлатууга каршы экенин билдирди. Буга технология тармагынын бир катар өкүлдөрү чакырып жатышат. Анын пикиринде, америкалык компаниялар ЖИ жаатындагы лидерлик үчүн жарышта Кытайдан утулуп калуу тобокелдигине барбашы керек.
БРИКС саммити: Путин, Си Цзиньпин жана Моди жаңы дүйнөлүк тартипке чакырышты, бирок анын кандай болушу керектигин айтышкан жок
Индияда өткөн БРИКС саммитинин катышуучулары Батыш өлкөлөрү үстөмдүк кылбаган жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүгө умтулуп жатканын билдиришти. Бирок Владимир Путиндин Орусиясы, Си Цзиньпиндин Кытайы жана Нарендра Модинин Индиясы сыяктуу уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыктары ар башка, ошондой эле Батыштагы эң ири мамлекет - АКШ менен мамилелери да айырмаланат. Алар кандай дүйнөлүк тартипти курууну каалашарын сүйлөшүп, орток пикирге келе алыштыбы?
Ташиевдин адвокаты Бишкек шаардык судьяларынын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды
УКМКнын мурдагы башчысы, төрт жылга соттолгон Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Бишкек шаардык сотунун чечиминин мыйзамдуулугун текшерүүнү сурап, Башкы прокуратурага кайрылды.
Кыргызстан дүйнө көчмөндөрүн кантип бириктире алды?
Кыргызстан мындан он эки жыл мурда баштаган демилге кылымдар бою этибарга алынбай келген көчмөн элдердин маданиятына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду.
Медиктер президенттен дарыгер-нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну суранышты
Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун эмгек жамааты бүгүн президент Садыр Жапаровго кайрылып, дарыгер-нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну өтүнүштү. Бул кайрылуу Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратууну өкүм кылгандан кийин жарыяланды.
Украинадагы согуш: Британия Орусиянын 500 миң аскери каза болгонун билдирди
Британиянын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Ричард Найтон Орусия Украинага басып киргенден бери 500 миң аскерин жоготконун билдирди. Анын айтымында, Орусиянын жоготууларынын көбү 2023-жылдын январынан кийинки мезгилге туура келет. Бул убакытта Орусия Украинанын аймагынын болжол менен 2% гана ээлеген.
Президент: Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө үчүн атайын жарлык кабыл алынды
Президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын татыктуу белгилөө үчүн атайын жарлык кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-сентябрда, Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында "Айтматов ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин ачылышында айтты.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

















































