"Кызы апасын абдан сагынды". Каныкей Аранова түрмөдө калды
"Кызы апасын абдан сагынды". Каныкей Аранова түрмөдө калды
Published
3-августта Жогорку Сотто Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн үч жарым жылга соттолгон Каныкей Аранованын өтүнүчү каралды. Аранова жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароону суранган. Ал арызында соттук актылар негизсиз чыкканын, экспертизалардын жыйынтыгына макул эместигин жүйө келтирген. Сот Каныкей Аранованын ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды. Пикири үчүн соттолгон жалгыз бой эненин жакындары бийликтен аны актоону өтүнүп жатышат.



