"Кедей-кембагалдарга кыйын болуп жатат". Бензин баасы жогору бойдон калууда
"Кедей-кембагалдарга кыйын болуп жатат". Бензин баасы жогору бойдон калууда
Published
Кыргыз бийлиги күйүүчү май жеткирүү боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын билдирди. Кыргызстанда бир ай мурун АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 85 сом болсо, азыр 110 сомго чейин жетти. Бирок айдоочулар мындай баада да күйүүчү май тартыш болуп жатканын айтышууда.



