Трамп АКШ Ирандын Харк аралын ээлеп, мунайын басып алышы мүмкүн экенин айтты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дональд Трамп Financial Times басылмасына маек куруп, анда АКШ "Ирандагы мунайды алып коюшу мүмкүн" жана өлкөнүн негизги мунай-отун хабы болгон Харк аралын басып алышы ыктымалдыгын айтты.
"Чынын айтсам, мага эң жакканы - Ирандагы мунайды алып коюу. Бирок АКШда айрым акылсыз адамдар "эмне үчүн муну кылып жатасың?" деп жатышат. Алар -келесоо адамдар", - деди Трамп.
Трамп бул кадам Харк аралын басып алууну билдириши мүмкүн экенин кошумчалаган. "Балким Харк аралын алабыз, балким, албайбыз. Бизде көп варианттар бар", - деп айткан ал басылмага. "Бул ошондой эле биз ал жакта (ред.Харк аралында) бир аз убакыт болушубуз керек дегенди билдирет".
Аралдагы Ирандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроого ал: "Менимче, алардын эч кандай коргонуусу жок. Биз аны абдан оңой эле ала алабыз", - деп жооп берди Трамп.
Президенттин бул комментарийи Жакынкы Чыгышка кошумча 3 500 америкалык аскер келген учурда айтылды. Ал арада кырдаалдын мындан ары курчуп, АКШ күчтөрү Ирандын чабуулдарына кабылышы мүмкүн деген тынчсыздануулар күчөп жатат.
Трамп ошондой эле АКШ менен Ирандын Пакистан сыяктуу "ортомчулар" аркылуу жүргүзүлгөн кыйыр сүйлөшүүлөрү жакшы жүрүп жатканын айтып, бирок жакын арада ок атышууну токтотуу келишимине жетишүүгө болобу деген суроого комментарий берүүдөн баш тартты.
"Макулдашууга кыйла тез жетишсе болот", - деди ал.
Эмне үчүн АКШ Ирандагы Харк аралын басып алууга кызыкдар?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШнын бул аралга кызыгып жатышынын себеби, анткени мында Иран экономикасынын негизги тирөөчү - ири мунай терминалы жайгашкан.Бул аркылуу Ирандын мунайынын 90 пайызы экспорттолот.
Аралды басып алуу Ирандын мунай экспортун бууп гана тим болбостон, материкке каршы чабуул жүргүзүү үчүн аянтча да түзүп бериши мүмкүн.
Аралды алуу Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) негизги киреше булагын иш жүзүндө токтотот, бул анын согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө таасир этет, дейт BBCнин Security Brief бөлүмүнүн коопсуздук боюнча аналитиги Майки Кей.
АКШнын аталган аралды басып алуу операциясы көлөмү жагынан салыштырмалуу чакан болушу мүмкүн, бирок татаал болот, деди BBCге School of War подкастынын алып баруучусу жана CBSтин улуттук коопсуздук боюнча аналитиги Аарон Маклин.
Өткөн аптада АКШда Трампын саясатына каршы массалык нааразылык акциялары өттү. "Падышачылыкка жол жок" урааны алдында үч миңден ашык шаарда, уюштуруучулардын айтымында, 8 миллионго жакын адам ал акцияларга катышты. Анда Трамптын Ирандагы каршы аскердик кампансиясынан тышкары, миграциялык саясаты жана бийликтин бир колго топтолушуна наарызылык айтылды.



























