"Руханий суверенитет да керек". Эгемендикке 35 жыл

- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Кыргызстан быйыл эгемендиктин 35 жылдыгын белгилеп жатат. Мааракени утурлай Би-Би-Си Жазуучулар союзунун төрагасы, мурдагы билим берүү министри, Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты Каныбек Иманалиев менен баарлашып, эгемен өлкөнүн оош-кыйыш жолуна көз чаптырды.
Би-Би-Си: Каныбек мырза, быйыл Кыргызстан эгемендиктин 35 жылдыгын белгилеп жатат. Ушул аралыкта өлкө кандай ийгиликтерге жетишти?
Каныбек Иманалиев: Эгемендик бул татаал жол. Эгемендик дайым чоң сыноолор менен келет. Биз сыяктуу 90-жылдардан кийин дүйнөдө Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тааныган көптөгөн мамлекет пайда болду. Анын ичинде баары эле өнүгүп кете алган жок.
Эгемендик — бул биринчи кезекте жер. Экинчи, үстүндөгү эл, үчүнчү, мамлекеттик институттар, чек ара, анан мамлекеттик символикалар. Биз классикалык түшүнүк боюнча алып караганда, эгемен өлкө үчүн эмне керек болсо, ошонун баарына ээбиз. Бизди дүйнөлүк коомчулук тааныган.
Жетишкендиктерге токтолсом, эң негизгиси классикалык мамлекеттин үлгүсүн тандадык, мамлекеттик институттар калыптанды.
Мына, акыркы төрт-беш жылда инфраструктуралык долбоорлор, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык үйлөр, жолдор, ооруканалар, мамлекеттик имараттар салынып, жан башына ички дүң өнүмдү дээрлик эки эсегеге көбөйткөнгө жетиштик.
Келечекте биздин реалдуу экономикалык көз карандысыздыгыбызды бекемдей турган Кытай -Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруп жатабыз. Эми океанга, дүйнөлүк логистикага жакын болобуз. Азыр биз коңшу өлкөлөр менен эле такалып калып жатпайбызбы, товар өткөрө албай. Дүйнөлүк рынокко чыгышыбыз керек.
Тышкы саясатта да ийгиликтер бар. БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болдук.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эң негизгиси мамлекетте туруктуулук, стабилдүүлүк өкүм сүрүп турат. Мындан кийин бийликтин алмашуусу шайлоо жолу менен, Конституциянын чегинде гана өтүшү керек.
Би-Би-Си: Эми алдыда кандай озуйпа турат?
Каныбек Иманалиев: Биринчи кезекте мамлекеттик институттарды бекемдөө зарылдыгы турат. Мамлекеттик институттарда иштеген кызматкерлерди тандоо жана кайра даярдоо керек. Анткени негизинен СССР доорунда жогорку окуу жайларын бүткөндөр пенсияга чыгып калды. Азыр мамлекеттик кызматтарга негизинен университеттерде "депрессия учурунда" окугандар келди. Аларды кайра даярдоо курсунан өткөрүү керек. Алар да биздин улан-кыздар. Аларды окутушубуз керек. Ошондуктан, биринчи орунда билим маселеси турат. Билимде дүйнөлүк интеграциядан артта калбашыбыз керек.
Экинчиден, кудайга шүгүр, маданиятка жетиштүү эле акча бөлүнүп жатат. Алар бизге руханий суверенитеттин дивидендин бериши керек. Алар бизге аң-сезимди кубаттоого, өнүктүрүүгө кызмат кылышы керек.
Чындыгында болочокто биз туш келе турган бир канча маселе бар. Ал жалпы чөлкөмгө тиешелүү. Бул суу маселеси. Экинчиси, жасалма интеллект. Бул бүгүнкү күндөгү реалдуулук. Биз санариптешүү жараянынан артта калбашыбыз керек. Бирок ошол санариптешүүдөн кийин канча адам ишсиз калат? Биз санарип дооруна даярбызбы? Санарипти башкарууга даярбызбы? Ушул маселелерге даяр болушубуз керек.
Эң негизги көйгөй, эң негизги озуйпа улуттун билгилери, мыктылары, саясаттагы, бизнестеги, маданияттагы, илимдегилер жеке кызыкчылыкка караганда, мамлекеттин кызыкчылыгын бийик коюп, дайым саясий консолидацияга келишибиз керек. Саясий консолидация болмоюн, эч бир программа, эч бир долбоор ишке ашпайт да.
Би-Би-Си: Эгемендик алган 35 жыл ичинде эң чоң катачылыгыбыз эмнеде болду?
Каныбек Иманалиев: Төңкөрүштөр болду, бийлик улам-улам алмашты, мамлекеттик институттардын иши артка кетти. Рынок институту мурункудай иштебей калды. Элдин бийликке болгон ишеними төмөндөдү.
Би-Би-Си: Бүгүн, эгемендиктин 35 жылдык тарыхында, Кыргызстандагы интеллектуалдык чөйрө мамлекеттик саясатты калыптандырууда канчалык таасирдүү? Же алар саясаттан алыстап, коомдук талкуулардан четтеп калдыбы?
Каныбек Иманалиев: Бизде интеллигенция совет доорунда калыптанган. Тилекке каршы, азыр алардын көбү пенсияда. Улуттун ошол доордогу каймактарынын көбүнүн көзү өтүп кетти. Кызык жери, сиз кошуласызбы же кошулбайсызбы, билбейм, азыркы доордо интеллигенциянын ролун блогерлер ээлеп калды. Аларды жаман деп айта албайм, бирок блогерлер дагы билимдүү болуш керек да. Блогерлерде дагы аналитикалык ой жүгүртүү, улуттук кызыкчылык, мамлекеттик кызыкчылык деген критерийлер болуш керек.
Чындыгында, азыр сиз айткандай, баягы совет доорундагыдай же эгемендиктин алгачкы 20-жылдарындагыдай сөзү өтүмдүү, элдин астына чыгып, бийликке сын айткан, элге дагы кебин айткан Салижан Жигитов сыяктуу интеллигенциянын лидерлери дээрлик жок эсе, бирин-экен болсо да, аларды эл укпайт. Эл азыр социалдык айдыңда аракет кылышат. Ошол жакта блогерлер улуттун агымы каякка баратат, ошону аныктап калды.
Би-Би-Си: Чөлкөмдө, анын ичинде Кыргызстанда жарандык коомго, журналисттерге, сөз эркиндигине басым болуп жатканын көрүп жатабыз. Бул өлкөнүн узак мөөнөттүү саясий туруктуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүнбү?
Каныбек Иманалиев: Кыргызстандабы, бөлөк жердеби, бийликтин табияты ошондой, альтернативдүү көз караштарга чыдай бербейт. Бирок, бизде, Кыргызстанда баары бир жеке институттар, көз карандысыз эксперттер күчтүү. Алар мамлекет менен шериктешип иштегенде гана бизде саясий стабилдүүлүк болот. Каалайбызбы, каалабайбызбы, алар адамдардын көз карашын өзгөрткөнгө, саясий аба-ырайына, саясий агымга таасирин тийгизет.
Би-Би-Си: Дүйнөдө чоң державалар ортосунда тиреш күчөп жаткан шартта Борбор Азия өлкөлөрү интеграция жөнүндө көп кеп кылып, чөлкөмдөгү ынтымакты бекемдөөгө аракет көрүп жатат. Геосаясий кырдаал олку-солку болуп турганда биз аймактагы ордубузду кантип сактап калабыз?
Каныбек Иманалиев: Дүйнө, жалпы дүйнөлүк коомчулук, анан регионалдык коомчулук бар. Биз ошол регионалдык коомчулук – Борбор Азия Кытай менен, Орусия менен, Түркия менен мамилени бекемдешибиз керек. Бекемдөөгө бирдиктүү иденттүүлүк керек. Улуттук шайкештик пайда болуш керек да. Буга чейин кандай болуп келди? Борбор Азиянын бир өлкөсү Кытай менен болсо, бир өлкөсү Орусия менен, бир өлкөсү Америка менен байланышта болуп жүрдү. Жок, мындай болбойт. Бизди, Борбор Азияны Кытай, Орусия, АКШ сыяктуу державалар бир регион катары баалаганда биздин күчүбүз артат. Ошондо биз менен сүйлөшөт. Борбор Азия бир регион катары тышкы саясатта үн ката албаса, анда башкалар бизди кесип-кесип, бырчалап кетет. Ошондуктан Борбор Азиядагы саясий лидерлер муну бүгүн түшүндүк деп ойлойм. Сиз жогоруда жетишкендиктерди сурадыңыз эле, эң чоң жетишкендик чек ара маселелерин жаңжалсыз чечкенибиз болду. Бул 35 жылдын ичиндеги чоң жетишкендигибиз. Маселен, 100 жылдап чек арасын чече албай жүргөн өлкөлөр бар. Демек, Кыргызстан дагы бир кадам алдыга жылды.
Би-Би-Си: Каныбек мырза, маегиңиз үчүн рахмат.
































