Сыймык жана жоопкерчилик. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланды

Сүрөттүн булагы, UN
Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун эң таасирдүү органы - Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы убактылуу мүчөсү болуп шайланды. Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында Кыргызстан курч атаандаштыктын астында, төртүнчү айлампадан кийин Филиппин мамлекетин 142 добуш менен артта калтырып, жеңишке жетти. Бул окуя акыркы он жылдан ашык убакыттан бери Борбор Азия чөлкөмүнөн БУУнун Коопсуздук кеңешине биринчи жолу өлкөнүн тандалышы катары калмакчы. Ата мекендик укук коргоочулар бул ишенимди жогору баалоо менен бирге, БУУнун пайдубалы адам укуктары менен мыйзам үстөмдүгүнө негизделгенин эске салып, бийликти ички укуктук тартипти чыңдоого жана эл аралык милдеттенмелерди так аткарууга чакырышууда.
Добуш берүү 3-июнда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында өттү. Кыргызстандын талапкерлиги үчүн 142 мамлекет добуш берди. Коопсуздук кеңешиндеги орун үчүн атаандашкан Филиппин 49 добуш алды.
Шайлоо курч болуп, жеңүүчү добуш берүүнүн төртүнчү турунан кийин гана аныкталды. Алгачкы айлампаларда Кыргызстан да, Филиппин да Башкы Ассамблеянын зарыл болгон үчтөн эки добушун топтой алган жок.
Кыргызстан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2027-жылдын 1-январында башталып, 2028-жылдын 31-декабрында аяктайт. Республика учурда Коопсуздук кеңешинде Пакистан ээлеп турган орунду ээлейт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин президент Садыр Жапаров бул окуяны кыргыз дипломатиясынын ири жеңиши катары баалап, "Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз" деп, кыргызстандыктарды куттуктады.
"Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз", - деди Садыр Жапаров.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да куттуктоо жолдоп, бул окуяны "Кыргызстандын эл аралык жогорку авторитетинин таанылышы жана бүткүл Борбор Азия үчүн тарыхый мааниге ээ окуя" деп атады.
Казакстан 2017–2018-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргыз тарап дебаттардагы өз билдирүүлөрүндө БУУнун Коопсуздук кеңешинде буга чейин эч качан орун албаган мамлекеттердин үнү болорун айтып келген.
"Бул ошондой эле кыргыз дипломатиясынын ири жеңиши болуп саналат. Буга чейин Президент Садыр Жапаров дүйнөлүк лидердерди Бишкектин талапкерлигин колдоого жана БУУнун Коопсуздук кеңешинде эч качан орун албаган өлкөлөргө - өзгөчө деңизге чыга албаган же коопсуздук, климат жана өнүгүү жаатында өзгөчө көйгөйлөрү бар тоолуу өлкөлөргө көбүрөөк үн берүүгө чакырган" деп жазды "Евроньюс".
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлангандан кийин, өлкөдөгү укук коргоочулар бийликти адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууга чакыра башташты.
Укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова бул жетишкендикти эл аралык коомчулуктун чоң ишеними катары мүнөздөп, бирок БУУнун пайдубалы адам укуктарын урматтоо жана мыйзам үстөмдүгү принциптерине негизделгенин эске салды. Анын айтымында, бул мүчөлүк биринчи кезекте өлкө ичиндеги адам укуктарынын абалына өзгөчө жоопкерчилик жүктөйт.
"Бирок, БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүк - бул эң оболу чоң жоопкерчилик, анткени БУУ адам укуктарын урматтоо, мыйзам үстөмдүгү, адилеттүүлүк жана мамлекеттердин эл аралык милдеттенмелерин аткаруу принциптерине негизделген.Дал ушундан улам, бүгүнкү күндө бийлик үчүн адам укуктарынын бузулушуна өзгөчө көңүл буруу маанилүү, тактап айтканда, сөз адам укуктарынын бузулушу фактылары орун алган иштер жөнүндө болуп жатат. Алардын катарында Аскат Жетиген, Махабат Тажибек кызы, Рита Карасартова, Жоомарт Карабаев, Канышай Мамыркулова, Илмира Бечелова жана башка көптөгөн адамдардын иштери бар", - деди Абдирасулова.
Ал Кыргызстан буга чейин БУУнун Адам укуктары боюнча комитети тарабынан кабыл алынган ондогон чечимдерди аткарууда аксап жатканын белгиледи:
"Ошондой эле мен аткаминерлердин "БУУ деген ким экен, эмнеге биздин ишибизге киришет?" деген сыяктуу билдирүүлөрүн мындан ары укпайбыз деп абдан үмүттөнөм. Анткени бүгүн Кыргызстан БУУнун тутумундагы эң жооптуу миссиялардын бирине ээ болду, демек, БУУнун принциптерине, механизмдерине жана чечимдерине болгон урмат-сый эң оболу өзүбүздөн башталышы керек. Өз үйүңдө укуктук башаламандык болуп жатса, дүйнөлүк укук тартибин коргоо мүмкүн эмес..."
Кыргызстан - ушул күнгө чейин бул Кеңешке эч качан мүчө болбогон 59 өлкөнүн бири.
Расмий Бишкек БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө 2011-жылы ат салышып, Пакистанга утулуп калган. Ал эми Кыргызстанга атаандаш болгон Филиппин бул кеңешке төрт жолу мүчө болгон, акыркы жолу 2004–2005-жылдары шайланган.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн азырынча Казакстан гана 2017–2018-жылдары Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө катары кирүүгө жетишкен.
Шаршемби күнкү шайлоонун жыйынтыгында БУУнун Коопсуздук кеңешине беш жаңы өлкө өттү. Кыргызстандан тышкары, Зимбабве, Тринидад жана Тобаго, Португалия жана Австрия 2027-жылдын 1-январынан тартып Пакистан, Сомали, Греция, Дания жана Панаманын ордун басат.
БУУнун Коопсуздук кеңеши 15 мүчөдөн турат. Алардын бешөө (АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай жана Орусия) туруктуу жана вето укугуна ээ, ал эми калган 10 мүчөсү Башкы Ассамблея тарабынан эки жылдык мөөнөткө аймактык квоталар боюнча шайланат.
Коопсуздук кеңеши - Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка жооптуу эң башкы органы.
Ал эл аралык тынчтыкка коркунуч келтирген талаш-тартыштарды иликтеп, аларды тынчтык жолу менен жөнгө салуу ыкмаларын сунуштайт. Эл аралык мыйзамдарды одоно бузган мамлекеттерге каршы экономикалык, соода жана дипломатиялык чектөөлөрдү, санкцияларды киргизүүдө Коопсуздук кеңеши БУУнун мүчөлөрүн милдеттендирүүгө укуктуу.
Ошондой эле бул кеңеш зарыл учурларда тынчтык орнотуучу миссияларды жайгаштыруу же мүчө мамлекеттердин аскердик кийлигишүүсүнө уруксат берүү мандатына ээ.
Мындан сырткары, Коопсуздук кеңеши БУУга жаңы мүчө мамлекеттерди кабыл алууну сунуштоодо жана Уюмдун Башкы катчысын дайындоо боюнча добуш берүүдө негизги ролду ойнойт.
- Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуу өлкөгө бир нече саясий артыкчылыктарды берет жана улуттук кызыкчылыктарды эл аралык деңгээлде коргоого шарт түзөт:
- Мүчө өлкө глобалдык коопсуздук күн тартибин калыптандырууга, ири чыр-чатактар боюнча чечим кабыл алууга жана резолюциялардын долбоорлорун иштеп чыгууга түз катышат. Ошондой эле аскердик операцияларга уруксат берүү же санкция киргизүү маселелеринде добуш берүү укугуна ээ болот.
- Мамлекеттин дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркы жогорулап, дипломатиялык бедели бекемделет.
- Коопсуздук кеңешинин төрагалыгы ай сайын алмашып турат. Мүчө өлкө кеңешти жетектеген маалында өз чөлкөмүндөгү көйгөйлөргө дүйнө коомчулугунун көңүлүн бура алат.
- АКШнын Принстон университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүнө ылайык, Коопсуздук кеңешине мүчө болгон өлкөлөргө ошол мөөнөт ичинде сырттан келген каржылык жана гуманитардык жардамдардын көлөмү өсөт.
- Дүйнөнүн эң кубаттуу державалары менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана туруктуу байланыш түзүүгө теңдешсиз мүмкүнчүлүк ачылат.






























