"Бишкек-Арена" 386 млн долларга курулду". Бийлик стадионго сарпталган каражаттын суммасын айтты

Бишкек арена

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзов 51 миң көрүүчүгө ылайыкташкан "Бишкек-Арена" стадионунун курулушуна 386 млн доллар каражат жумшалганын расмий билдирди. Ал буга чейин стадион 60 млн долларга курулганы тууралуу айтылган маалымат туура эмес экенин белгиледи. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

"Кечээ жакында "Бишкек-Арена" стадиону боюнча кыскача маалымат бердим эле. Мурда кызматкерлер, куруучулар жана тиешелүү адамдардын баары ШКУ менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп, күнү-түнү бошобой жүргөндүгүнө байланыштуу, толук маалыматты ала алган эмеспиз. Бүгүн толук маалымат колго тийди, ошону жарыя кылууну туура көрдүм. "Бишкек-Арена" стадиону 386 млн долларга курулуп бүтүптүр. "60 млн долларга бүттү" деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган", - деп жазды Алагөзов.

Алагөзов кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен долбоор өзгөртүлүп, стадионду соода жана көңүл ачуу жайлары бар көп функционалдуу комплекс кылып куруу чечими кабыл алынганын билдирди.

Президенттин маалымат катчысы берген маалымат боюнча, "Бишкек-Арена" комплексинин:

  • жер тилкесинин аянты - 20 гектар;
  • жалпы курулуш аянты - 194 248 чарчы метр;
  • диаметри - 280 метр;
  • бийиктиги - 70 метр;
  • кабаттуулугу - сегиз кабат;
  • көрүүчүлөр үчүн орундардын саны - 51 252;
  • сметалык баасы - 386 млн доллар.

Комплексте 35 916 чарчы метрлик соода борбору, 48 дүкөн, 1 супермаркет, 18 соода күркөсү, 23 ресторан, 11 кафе жана төрт кинотеатр залы болору айтылды.

Мындан тышкары балдар үчүн оюн аянтчасы, спорт зал жана жалпы аянты 5 087 чарчы метр болгон террасалар каралган.

Алагөзов билдиргендей, стадиондун сыйымдуулугун 50 миңден ашырууга ФИФАнын эл аралык мелдештер өтүүчү ареналарга коюлган талаптары да себеп болгон.

Алагөзов башка өлкөлөрдөгү ири стадиондордун курулуш баасын салыштырып, "Бишкек-Арена" арзан салынганын белгилеген.

"Бул сумманы саясатташтырбайлы"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Борбор Азиядагы эң чоң деп саналган "Бишкек-Арена" стадионунун курулушунун баасы талкуу жаратып, анын наркы тууралуу ар кандай сандар, анын ичинде 60 млн долларга курулганы тууралуу маалыматтар айтылган. Анын ичинде казакстандык блогерлер жана активисттер Кыргызстан стадионду арзан салганын, ал эми Казакстанда бул сыяктуу курулуштар кыйла кымбат тургузулуп жатканын жазып, өз бийликтерине суроо коюп жатышкан.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов курулушка кеткен сумманы саясатташтырбоого чакырды.

"Тилекке каршы, акыркы күндөрү "Биздин стадион 60 млн долларга курулду, кошуна өлкөлөрдүкү баланчага курулуптур" деп, кошуна өлкөлөрдүн жетекчилеринин аброюна шек келтирген пикирлер чыга баштады. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бул сумманы саясатташтырып, кошуна өлкөлөр менен мамилелерди курчутпайлы", - деген Алагөзов.

Ошол эле учурда ал стадиондун курулушуна кеткен каражат боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн кошумчалады. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Эсеп палатасы баштаган бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүп, курулушту текшерүүнү тапшырган.

Комиссия курулуш материалдары толук колдонулган-колдонулбаганын, жумушчуларга эмгек акы толук төлөнгөн-төлөнбөгөнүн жана каражаттардын максаттуу пайдаланылганын текшерет.

"60 миллионго куруп бүтөбүз деген оюбуз бар"

Жогоруда айтылгандай, "Бишкек-Арена" стадионунун курулушунун баасы боюнча талкуу уланууда. УКМКнын мурдагы башчысы, Кыргыз футбол союзунун башчысы Камчыбек Ташиевдин да стадион 60 миллионго курулары тууралуу буга чейинки айткан пикири социалдык тармактарга тараган.

"Толук айтыш кыйын. Бирок, биздин баамыбызда, 45 миң орундуу стадионду – азыркы учурдагы заманбап стадионду биз 60 миллиондун тегерегинде куруп бүтөбүз деген оюбуз бар. Мүмкүн андан азырак болуп калар, мүмкүн ошонун тегерегинде болуп калар, ал бүткөндө билинет", - деген Ташиев 2024-жылы.

Андан көп өтпөй Ташиев стадион темасына дагы бир жолу кайрылган. Ал 2020-жылдын октябрынан бери коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 209 миллиард сомго жакын, башкача айтканда, 2 миллиард 400 миллион доллар каражат өндүрүлгөнүн билдирген. Ташиев ошол каражаттын бир бөлүгү жаңы стадиондун курулушуна жумшалганын айткан.

"Стадион курууга, жаңы стадионду билесиздер, ошол стадионго дагы биздин толукталган акчадан которулду. Ал жерге которулган акча 12 млрд 681 млн сом болду", - деген Ташиев.

Бул сумма доллар менен болжолу 145,6 миллион доллар болот.

"Бул акчага болжол менен 130–185 заманбап мектеп курууга болмок"

Кандай гана болбосун, бийликтин "Бишкек-Аренаны" курууга 386 миллион доллар кетти деген маалыматы ар кандай талкууланууда.

Фейсбук колдонуучу Сумсарбек Мамыралиев бул сумманы Кыргызстандын республикалык бюджетинин бир жылдык чыгашасынын болжол менен 10 пайызына теңеди.

"Эки жыл бою бизге "Бишкек Арена" 60 миллион долларга курулат деп айтып келишти. Бул сумманы жалпыга маалымдоо каражаттары, аткаминерлер жана мамлекеттик ресурстар да кайталап жатышты. Ал эми стадион курулуп, ачылгандан кийин президенттин басма сөз катчысы күтүүсүздөн: "Эч кандай 60 миллион доллар эмес, объект өлкөгө 386 миллион долларга түштү", - деп билдирди. 60 эмес. 386 миллион доллар. Бул бизге ушул убакытка чейин айтылып келген суммадан алты жарым эсе кымбат. Бул болжол менен 33,7 миллиард сомго барабар же Кыргызстандын республикалык бюджетинин бир жылдык чыгашаларынын 10 пайызы. Бул акчага болжол менен 130–185 заманбап мектеп курууга болмок. Ооруканаларды, бала бакчаларды, жолдорду, суу түтүктөрүн жана адамдар жылына бир нече жолу кезектеги чоң майрам үчүн эмес, күн сайын пайдалана турган инфраструктураны курууга болмок", - дейт Сумсарбек Мамыралиев.

"Бишкектин эң мыкты архитектурасы болуп калды"

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев болсо стадиондун курулушуна мынчалык көп каражат жумшалганы анын функциялары менен да байланыштуу деп эсептейт:

"Стадион мыкты салынды, сөз жок... Курулган баасы 386 млн долларды түзүптүр. Бул баа Эсептөө Палатасы аркылуу текшерилгенден соң дагы такталат экен. Албетте, стадион десе эле жалаң эле футбол ойночу аянтты элестетпеш керек. Бул абдан ири соода-коммерциялык жана маданий-спорт имараты. Толтура акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүлөт... Бара-бара кеткен чыгымдар кайтарылат сөзсүз. Кандай болгон күнү да ири финансы каражат кетирмейинче, мындай объекттер салынышы мүмкүн эмес... Чыгаша болмоюнча, киреше да болбойт. Стадион Бишкектин эң мыкты архитектура өрнөгү болуп калды!"

Бишкекте 51 миң 252 көрүүчүгө ылайыкташкан "Бишкек-Арена" стадиону кыргыздын боз үйүнүн формасында салынган. Стадион жаңы гана колдонууга берилип, анда 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү.