Оренбургдан Бишкекке чейин: Орусиянын энергетикасына урулган соккулар Борбор Азияга кандай таасирин тийгизүүдө?

Сүрөттүн булагы, Karachaganak official
- Author, Ольга Просвирова
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Украинанын Орусиянын энергетикасына урган соккуларынын кесепеттерин Орусия гана эмес, анын кошуналары да сезип жатат.
Оренбургдагы газды кайра иштетүүчү заводго чабуул жасалгандан кийин Казакстан өлкөнүн ири мунай жана газ кендеринин биринде өндүрүштү кыскартты. Кыргызстанда болсо бензиндин айрым түрлөрү тартыш болууда, ал эми Өзбекстандын алдыңкы авиакомпаниясы авиакеросиндин таңкыстыгынан жана кымбатташынан улам каттамдардын бир бөлүгүн кыскартты.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык системалары мурдагыдай эле Орусиянын инфраструктурасы менен тыгыз байланышта, ошондуктан ар кандай көйгөйлөр коңшулардын экономикалык абалына тикелей таасирин тийгизет.
Өзгөчө көз карандылар
Акыркы апталарда Орусиядагы бензиндин тартыштыгы башка өлкөлөрдө да байкала баштады.

Сүрөттүн булагы, Igor IVANKO / AFP via Getty Images
Бишкектеги айдоочулар АИ-95 менен АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин таңкыстыгына нааразы болууда. Бул бензиндин анчалык деле популярдуу үлгүлөрү эмес, бирок Кыргызстандын бийлиги кырдаалды олуттуу деп баалап, алты өлкөгө, анын ичинде Казакстанга, Азербайжанга жана Өзбекстанга отундун туруктуу жеткирилишин камсыз кылууга жардам сурап кайрылды.
Кыргызстан жана Тажикстан – Орусиянын күйүүчү майына өзгөчө көз каранды болгон өлкөлөр. Кыргызстанда керектелген бензиндин жана дизель майынын 90 пайыздан ашыгы Орусиядан сатып алынат, ал эми Тажикстан ал жактан мунай өнүмдөрүнүн 84 пайызын импорттойт.
Апрелдин башында Орусия июлдун аягына чейин бензинди экспорттоого тыюу салган.
Кыргызстанга, Тажикстанга жана Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө башка өлкөлөргө бул тыюунун тиешеси жок, себеби алар отунду жеткирүү боюнча Москва менен өкмөттөрдүн ортосунда макулдашуу түзүп алышкан. Бирок Орусиядагы учурдагы таңсыктык макулдашуулар 100% кепилдик бербей турганын көрсөтүп турат: макулдашуулар болжолдуу көлөмдөрдү жана жеңилдетилген режимди камсыз кылат, бирок иш жүзүндө жөнөтүүлөргө кепилдик бербейт, себеби алар орусиялык өндүрүүчүлөрдө отундун болуп-болбогонунан көз каранды.
"Эгерде Москва ички энергетикалык коопсуздук менен экспорттук кызыкчылыктардын ортосунда тандоо жасоого аргасыз болсо, анда кандай чечим кабыл алары белгилүү", - дейт энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча эксперт Франческо Сасси.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2025-жылдын күзүндө Орусияда башталган күйүүчү май кризиси өкмөттөрдүн ортосунда түзүлгөн макулдашууларга карабастан Тажикстан менен Кыргызстанда бензинди жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашына жана тартыштыгына алып келген. Эгерде азыркыдай кырдаал улана берсе жана Кыргызстанда өзгөчө суроо-талапка ээ болгон АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы жаралса, бул жүк ташууларга, түшүм жыйноо маалында айыл чарбасына жана мунун айынан бааларга да таасирин тийгизет.
Тажикстанда болсо бензиндин баасы көтөрүлдү: Душанбеде үч жуманын ичинде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри болжол менен 8,6 пайызга, ал эми дизелдин литри дээрлик 21 пайызга кымбаттады.
Тажикстандын бийлиги кошумча варианттарды издеп жатат, мисалы, Иран менен чийки мунайды импорттоо мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо. Эгерде бул ишке ашса, Тажикстан чийки затты жергиликтүү мунайды кайра иштетүүчү заводдордо кайра иштете алмак.
Энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча эксперт, Methinks консалтинг компаниясынын улук өнөктөшү Жон Робертс Орусиядан импорттогу тартыштыкты теориялык жактан Кытайдын эсебинен толтурууга болот деп эсептейт.
Бирок, кыска мөөнөттүү келечекте бул маселеде Орусияны алмаштыра алчу альтернативалар аз, деп эсептейт экономист Нургүл Акимова. "Азаттык" радиосуна берген комментарийинде Акимова мындай альтернативалар инфраструктурага олуттуу инвестицияларды талап кыларын жана азыркы орусиялык жеткирүүлөрдөн кымбатыраак болорун белгиледи.
Казакстандын өз жолу бар
Мунайды жана газды өз алдынча чыгарган, бирок дагы деле болсо Орусиянын инфраструктурасына көз каранды Казакстанда кырдаал башкача.
24-июнга караган түнү украиналык дрондор Оренбургдагы газды кайра иштетүүчү заводго чабуул койгон. Бул завод "Газпромго" таандык жана Казакстандын түндүк-батышындагы Карачаганак кенинен казып алынган чийки газды иштетет.
Карачаганак долбоору Казакстандын энергетикалык системасы үчүн өзөктүк болуп эсептелет жана аны эл аралык консорциум иштеп чыгууда. Бул консорциумдун катышуучуларынын арасында Chevron, Shell жана Eni сыяктуу дүйнөлүк мунай-газ гиганттары, ошондой эле Орусиянын "Лукойлу" жана Казакстандын "КазМунайГаз" компаниялары бар.

Сүрөттүн булагы, Karachaganak official
Чабуулдан улам Оренбургдагы завод чийки газды кабыл алууну кыскартты, ал эми Карачаганакта өз кезегинде скважиналардан чыккан жалпы агымды, бул демек, газды да, мунайды да, газ конденсатын да кыскартууга туура келди. Ал эми ушул үчөөн кайра иштеткенден кийин бензинди, дизелдик жана авиациялык отунду алууга болот.
Натыйжада казакстандык кен чыгуучу жерде мунайды жана газ конденсатын казып алуу суткасына 34 миң тоннадан 25 миң тоннага чейин кыскарды.
Учурда бийлик Казакстандын ички газ менен камсыздоосу жабыркабаганын ырастап жатат. Бирок өндүрүштүн кыскарышы экспорт үчүн чийки зат азаят дегенди билдирет. Эгерде Оренбургда газга киргизилген чектөөлөр узара берсе, өлкө экспорттон түшкөн кирешени, ал эми бюджет салыктык жана башка мунай-газ кирешелеринин бир бөлүгүн ала албай калышы мүмкүн.
"Казакстан жана Карачаганак үчүн чыныгы көйгөй – алар мурдагыдай эле биринчи кезекте мунайдын экспортуна көз каранды. Ал эми мунайдын басымдуу бөлүгү Орусия аркылуу экспорттолот", - дейт энергетикалык коопсуздук боюнча адис Жон Робертс.
Карачаганактан мунай жана конденсат экспорттоонун негизги каттамы Каспий түтүк консорциумунун (КТК) системасы жана Новороссийскинин алдындагы Кара деңиз терминалы аркылуу өтөт. Бирок Новороссийск да украиналык дрондордун соккусуна кабылып, бул каттамды кооптуу кылып койду.

Сүрөттүн булагы, Emil Leegunov/Anadolu via Getty Images
Астана көптөн бери орусиялык заводдордо кайра иштетүүдөн көз карандылыкты азайтууга аракет кылып келет. Июндун башында Казакстандын негизги газ компаниясы болгон QazaqGaz Карачаганак кениндеги газды кайра иштетүүчү жаңы заводдун долбоорун даярдоо үчүн Түштүк Кореянын Hyundai Engineering компаниясын тандап алган. Бул завод жылына 5 миллиард куб метрге чейин газды кайра иштете алат деп пландалууда.
Бирок бул жакынкы жылдарда пайда болчу көйгөйдү чече албайт. Жаңы завод ишке киргенден кийин деле Оренбургдагы заводдо иштетилгенден эки эсе аз газды кабыл ала алат. Бул Казакстандын Орусиянын инфраструктурасына көз карандылыгын азайтканы менен, Оренбургдун ордун толуктай албайт.
Бийлик ошондой эле Баку – Тбилиси – Жейхан каттамы орусиялык транзитке альтернатива болуп бере аларын айтып келет. Бирок Жон Робертстин баамында, бул багыттын мүмкүнчүлүктөрү Каспий деңизи аркылуу мунай ташуучу танкерлердин жетишсиздигинен улам азырынча чектелүү болуп турат.
Саясий шарттарсыз
Өзбекстан Орусиянын отун кризисинин кесепеттеринен Кыргызстан менен Тажикстанга караганда жакшыраак, бирок Казакстанга салыштырмалуу начар корголгон.
Өзбекстанда мунайзат жана газ конденсаты казылат, ал эми Бухара жана Фергана мунайды қайра иштетүүчү заводдору бул чийки затты бензинге, дизелге жана башка мунайзат өнүмдөрүнө айландырат.
Бирок бул улам көбөйүп жаткан ички суроо-талапты жаба албайт жана Өзбекстан бензинди, дизелди жана авиакеросинди, анын ичинде Орусиядан да импорттоону улантууда. 2026-жылдын январь-апрель айларында бензиндин импорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эседен ашык, ал эми дизелдин импорту дээрлик 18 пайызга көбөйдү.
Ошондуктан орусиялык жеткирүүлөрдүн кыскарышы өзбекстандыктарды күйүүчү майсыз калтырбайт, бирок ошол эле маалда баалар көтөрүлүп, анын айрым түрлөрүнүн тартыштыгын пайда кылышы мүмкүн.
12-июнда Uzbekistan Airways авиакеросиндин тартыштыгынан жана анын баасынын кымбатташынан улам Өзбекстан менен Орусиянын айрым шаарларынын ортосундагы айрым багыттар боюнча каттамдардын жыштыгын азайтарын билдирди.
Авиакомпания кырдаал "тышкы факторлордон" улам келип чыкканын билдиргени менен, түшүндүрмө берген жок. Керосинге дүйнөлүк баанын көтөрүлүшү Жакынкы Чыгыштагы согушка жана Ормуз кысыгы аркылуу мунайды ташуунун үзгүлтүккө учурашына байланыштуу болуп жатат. Орусияда авиакеросиндин тартыштыгы жана экспортко киргизген чектөөлөр да рынокту татаалдаштырган болушу мүмкүн, бирок Uzbekistan Airways компаниясы да, расмий Ташкент да муну тастыктаган жок.

Сүрөттүн булагы, Uzbekistan Airways
Мындан тышкары, АИ-92 бензининин биржалык баасы кескин көтөрүлүп, ЖМКлар жазгандай, өз тарыхында эң жогорку көрсөткүчкө жетти.
Узак мөөнөттүү келечекте Өзбекстан үчүн газ маселеси да маанилүү болот: 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөдө газ өндүрүү 15 пайызга кыскарып, чет өлкөдөн сатып алуу кескин өстү. Бул маселе кыш алдында өзгөчө курч болмокчу.
Осло университетинин изилдөөчүсү Франческо Сасси өткөн жылы Өзбекстан газдын жетишсиздигин улуттук коопсуздукка таасир эткен көйгөй катары кабыл аларын айткан: ошондуктан өлкө бир эле учурда "Газпромго" да кайрылып, Казакстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү да жүргүзгөн. Анын айтымында, орусиялык газ чөлкөмгө кыска мөөнөттүү туруктуулук бергени менен, экономикалык өсүш Москванын саясий таасиринен көз каранды болууда.
Өзбекстан мындай тобокелдиктерге даяр эмес: 2022-жылдын декабрында Ташкент "үч тараптуу газ союзун" четке каккан. Бул союзду түзүү сунушун Москва берген жана ал Орусиянын, Өзбекстандын жана Казакстандын ортосунда түзүлмөк. Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов газ менен камсыздоо тууралуу макулдашуу саясий эмес, коммерциялык жана техникалык гана болушу мүмкүн экенин белгиледи: "Биз газдын ордуна кандайдыр бир саясий шарттарды таңуулоого жол бербейбиз".
Өкмөттөрдүн ортосунда түзүлгөн макулдашуулар, күйүүчү майдын запасы жана жүктөрдү башка жакка багыттоо мүмкүнчүлүгү негизги нерсени өзгөртө албайт: чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн энергетикалык системалары мурдагыдай эле орусиялык жеткирүүлөр, кайра иштетүү, түтүктөр, порттор жана баалар менен тыгыз байланышта. Орусияда тартыштык канчалык узакка созулса, анын кесепеттери чөлкөмдөгү өлкөлөргө ошончолук көбүрөөк таасир этиши мүмкүн.
Макаланы которгон Зейнеп Мартбек кызы
































