"Зыян бар". Путин Украинанын чабуулдары, бензин тартыштыгы тууралуу маек курду

Сүрөттүн булагы, Gavriil Grigorov/Russian Presidential Press and Information Office/TASS
- Author, Елизавета Фохт
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Владимир Путин Орусиянын биринчи каналынын кабарчысы Павел Зарубинге чоң интервью берип, ал жекшемби күнү кечинде эфирге чыкты.
Путин өзү үчүн кадимки форматты колдонуп, буга чейин көп жолу айтылбай калган бир катар көйгөйлүү темалар боюнча пикирин билдирди: Орусиядагы жана аннексияланган Крымдагы бензин тартыштыгы, фронттогу Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн алга жылышы жана Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечеги, ошондой эле Анкоридждеги саммиттин жыйынтыктары жана Беларус президенти менен болгон жолугушуусу тууралуу.
Путиндин айрым билдирүүлөрү жакында эле башка жогорку даражалуу орусиялык аткаминерлер айткан сөздөргө карама-каршы келип чыкты.
"Белгилүү бир тартыштыкты байкап жатабыз"
Владимир Путиндин Павел Зарубинге берген 25 мүнөттүк интервьюсунда сөз болгон маанилүү темалардын бири - бензин жана башка күйүүчү майдын тартыштыгы болду. Украинанын куралдуу күчтөрү орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жана башка күйүүчү-энергетикалык инфраструктураларга, анын ичинде Украина менен чек арадан жүздөгөн чакырым алыстыктагы объектилерге үзгүлтүксүз чабуул жасагандан кийин, Орусиянын көптөгөн аймактары бир нече жумадан бери ушундай тартыштыкты баштан кечирүүдө.
Интервью чыгаардын алдында, жекшемби күнү кечинде Орусиянын президенти күйүүчү майдын абалына арналган кеңешме өткөрдү - бул мындай иш-чара үчүн мүнөздүү эмес убакыт болчу.
Анын жыйынтыгынан кийинки Зарубин менен болгон маекте Путин Орусияда "азыр күйүүчү майдын белгилүү бир тартыштыгын байкап жатабыз", бирок ал "критикалык эмес" экенин моюнга алды.
Ал муну украин дрондорунун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары менен байланыштырып, Украинанын соккулары «көйгөйлөрдү жаратып жатканы көрүнүп турат» жана "зыян бар" деп билдирди (Кремлдин сайтынан алынган цитаталар).
Путин Крым менен Севастополдо, күйүүчү майдын тартыштыгы жарандарга аны сатууга убактылуу толук тыюу салууга, ал эми башка учурларда чектелген санда жана QR-коддор менен талондор боюнча сатууга алып келген жерлерде, "бир нече күнгө" жете турган күйүүчү майдын кору бар экенин айтты. Ал күйүүчү май ташуучу унааларга жасалган үзгүлтүксүз чабуулдарды, Крым көпүрөсү аркылуу цистерналардын өтүүсүнө тыюу салынганын жана Керч кысыгындагы паромдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин эске алуу менен, бул логистика кантип ишке ашарын тактабастан, жеткирүү "жерден да, деңизден да" көбөйтүлөөрүн убада кылды.
Бирок жалпысынан Орусия боюнча "бардык жабыркаган энергетикалык объектилер кыйла тез калыбына келтирилип жатат, баары чоң коопсуздук запасы менен иштеп жатат", - деди Путин, бирок так мөөнөттөрүн атаган жок. Адатта, украин дрондорунун мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдарынан келип чыккан өрттү өчүрүү гана бир суткадан кем эмес убакытты алат.
Күйүүчү май тартыштыгын чечүү үчүн зыян тарткан мунай иштетүүчү заводдордогу оңдоо иштеринен тезирээк аягына чыгаруу, импорттун зарыл көлөмүн жөнгө салуу жана абадан коргонуу каражаттары менен ишенимдүү жабуу керек, ал эми ал үчүн абадан коргонуу каражаттарын өркүндөтүп, аларды көбүрөөк өндүрүү керек, деп эсептейт Путин - бирок мунун баары убакытты талап кылат.
"Киев режимин сактап калуу биздин планыбызга кирбейт"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиянын отун-энергетикалык комплексине жасалган чабуулдар - бул күйүүчү май кризисин жаратууга гана эмес, "Орусияны, жок дегенде кыска убакытка болсо да, биздин аскерлердин чабуулун токтотууга жана каршылаш үчүн, б.а. душман үчүн пайдалуу шарттарда сүйлөшүү процессин баштоого шарт түзүүгө мажбурлоого" жасалган аракет, бирок мындай болбойт, деди Путин. Өлкөнүн ичине жасалган соккулар фронттогу кырдаалга таасирин тийгизбейт, деп ырастайт ал.
Украин аскерлеринин чек арадан алыс жайгашкан орусиялык аймактарга чабуулдарын күчөтүүсү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө түрткү бериши керектиги тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский июнь айынын башында айткан болчу.
Ошого карабастан, Путиндин ушул билдирүүсүнөн кийин Павел Зарубин сүйлөшүүлөрдүн келечеги тууралуу суроолорго өттү. Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосунда АКШнын ортомчулугу менен түз сүйлөшүүлөр ушул жылдын кышында Женевада болуп өткөн - ошондон бери тараптар жаңы жолугушуу тууралуу макулдаша элек. Июнь айында Петербург экономикалык форумунда сүйлөп жатып, Путин бейрасмий байланыштар, анын ичинде ушул жылдын май айында Киевге барган орусиялык бизнесмен Роман Абрамович аркылуу болгон байланыштар тууралуу айтып берген.
Зарубин Путинден Москвага "тиги тараптан", б.а. Украинадан жаңы сунуштар келип түштүбү деп сурады. "Байланыштар бар жана алар бир эле учурда бир нече багыт, бир нече линия боюнча түзүлгөн, жаңы сунуштар бар, - деп жооп берди Путин.
Макала кыскартылып которулду. Оригиналын бул жерден окусаңыздар болот.






























