"Аткананын үстүнө чыгып качтык": Кочкор-Атадагы катуу сел 466 үйдү каптады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам келип чыккан сел кырсыгына байланыштуу III даражадагы "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Бул тууралуу облустук бийлик маалымдады.
Кочкор-Ата шаарынын тургуну, беш балалуу Нуржамал үй-бүлөсү менен сел каптаган учурдагы абалын Би-Би-Сиге айтып берди. Ал үйүнүн жана мүлкүнүн баары жараксыз абалга келип, катуу коркуп калганын билдирди.
Нуржамалдын айтымында, окуя 13-июль күнү кечинде, ал үйүндө тамак жасап жаткан маалда күтүүсүздөн башталган.
"Күндөгүдөй эле жумуштан келип, кечки тамагымды жасап жатсам, катуу шамал болуп, жаан башталып, мөндүргө айланып кетти. Күйөөм чалып, абалыбызды сураганга үлгүрө электе эле сел башталып кетти. Дарбазадан кирип келген сел абдан катуу болгондуктан, көчөгө чыга албай калдык. Сел үйгө эки тараптан тең – дарбаза жактан да, тамарка жактан да каптап кирди", - дейт ал.
Үй-бүлө аман калуу үчүн аткананын үстүнө чыгууга аргасыз болгон.
"Балдарым менен аткананын үстүнө чыктык. Андан коңшумдун атканасына өтүп, ошол аркылуу качып чыкканга жетиштик", - деди Нуржамал.
Анын айтымында, сел үйдүн ичиндеги бардык мүлктү, тиричилик техникаларын жана төшөнчүлөрдү жарактан чыгарган. Ошондой эле эки унаасын сел агызган.
"Үйүбүздү сегиз жыл дегенде араң жаңы ремонт кылган элек. Азыр жашай турган абалда эмес. Эки машинабыз бар эле, экөө тең аккан. Сырттагы буюмдарыбыздын баарын суу жууп кетти. Кечээ нес абалда болуп, коркунучту сезбей жаттым эле. Бүгүн келип карасам, акыбалыбыз оор экен. Беш балам менен муну тазалап, калыбына келтирүү үчүн эми канчалаган мээнет керек!?" - дейт ал.
Айрым үйлөрдүн короолору азыр да сууга толуп турганы айтылды.

Учурда Ноокен районунун жабыркаган аймактарында тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери уланууда. Расмий маалымат боюнча, сел 466 турак үйдүн короосун каптап, 80 үйдүн ичине кирген.
Ошондой эле 4 кафе, 1 мечит, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай жана 1 бала бакча жабыркаган.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2026-жылдын 13-июлунда кечки саат 19:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан кийин кокту-колоттордон келген сел суулары Кочкор-Ата шаарын, Э.Алиев айыл аймагын жана Момбеков айыл аймагынын бир катар айылдарын каптаган.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Учурда тазалоо иштерине 451 кызматкер (101 куткаруучу жана 350 райондук кызматтардын өкүлдөрү) жана 22 оор инженердик техника тартылган.
Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев кырсык болгон аймакка барып, кырдаал менен таанышты. Ал селдин келип чыгуу себептеринин бири катары мыйзамсыз курулуштарды белгиледи.
"Сел агуучу каналдарды биз тазалап келгенбиз. Азыр бул жерде сел агуучу каналдын үстүнө бир жаран үй салып алган деп айтып жатышат. Бир жарандын кесепетинен мына баары жабыркап жатат", - деди Текебаев.
Облус башчысы зыяндын көлөмү толук аныкталгандан кийин тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады. Учурда келтирилген чыгымдарды тактоо жана аймакты сел калдыктарынан тазалоо иштери уланууда.

































