Тегеранда аятолла Хаменеи менен коштошуу зыйнаты өттү. Бирок ага уулу жана мураскору Можтаба катышкан жок

A woman weeps as people gather at the Imam Khomeini Grand Mosalla for a farewell ceremony for Iran's late Ayatollah Ali Khamenei

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Olivia Ireland
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи жекшемби күнү атасынын жаназасына катышкан жок. Бул арада режимдин жогорку жетекчилери жана миңдеген адамдар маркум аятоллага акыркы урмат-сыйын көрсөтүштү.

Жаназага Али Хаменеинин башка үч уулу — Масуд, Мостафа жана Мейсам катышты. Алар менен катар өлкө президенти Масуд Пезешкиан жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Ахмад Вахиди баштаган жогорку кызмат адамдары да болду.

Можтаба Хаменеи тууралуу түрдүү божомолдор күчөп жатат. Анын абалы боюнча суроолор АКШ менен Израилдин аба соккуларында атасы менен кошо жаракат алган деген кептерден кийин дагы күчөдү. Ал март айынын башында кызматка дайындалгандан бери эл алдына чыга элек.

Анын атасы Али Хаменеи Ислам Республикасын 1989-жылдан тартып ушул жылдын февраль айында көз жумганга чейин башкарып келген.

Маркумду акыркы сапарга узатуу расмий иш-чаралары жума күнү башталган. Алдыдагы бир жума ичинде Иран менен Иракта бир катар эскерүү жана коштошуу иш-чаралары өтөт.

Иран бийлиги жаназага 12 миллиондон 20 миллионго чейин адам катышарын билдирип, аны "кылымдын жаназасы" деп атап жатат.

Учурда Али Хаменеинин сөөгү Тегерандагы Гранд Мосалла диний комплексинде эл менен коштошуу үчүн коюлган. Жаназа намазын Кум шаарындагы диний окуу жайларда сабак берген, 97 жаштагы белгилүү шиит аалымы Жафар Собхани окуду.

Mourners gather at the Grand Mosalla to pay their final respects to Iran's slain supreme leader Ayatollah Ali Khamenei in Tehran

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегерандагы аза күтүүчүлөргө күн ысыганда суу бүркүлдү.

Жекшемби күнү Иран боюнча расмий эс алуу күнү деп жарыяланды. Кийинчерээк ошол эле күнү Али Хаменеинин сөөгү Тегерандагы Гранд Мосалла диний комплексинен чыгарылып, дүйшөмбү күнү борбор калаада өтө турган жаназа жүрүшүнө даярдалат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жаназага байланышкан бардык иш-чаралар алдын ала кылдат пландалган. Ушундай шартта Можтаба Хаменеинин аземге катышпай калышы Израил аны да бутага алышы мүмкүн деген кооптонуулар күчөп турган учурга туш келди.

Учурда согушуп жаткан эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн туруксуз ок атышпоо режими сакталып турат. Ошол эле маалда туруктуу тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бирок эки тарап тең зарыл болсо аскердик аракеттерди кайра баштоого даяр экенин эскертишкен.

Axios басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп ишемби күнү тынчтык сүйлөшүүлөрү жаназага байланыштуу иш-чаралардан улам бир жумага токтотулганын билдирген.

Басылманын жазышынча, Трамп жаназага Иран режиминин жогорку жетекчилеринин көбү чогулганын айтып, АКШ аларды "бир сокку менен" жок кыла аларын, бирок "анда сүйлөшө турган эч ким калбай калат" деген себеп менен мындай кадамга барбай турганын билдирген.

Ошондой эле президент ирандыктардын Али Хаменеини жоктоп ыйлап жатканын көрүп таң калганын айтып, эл аны жек көрөт деп ойлогонун билдирген. "Балким, бул жасалма көз жаш чыгар" деген ал.

Трамптын бул сөзүнө жооп кылып, жаназага келген 50 жаштагы Захра Сафаи Reuters агенттигине: "Биз 47 жыл мурда жасалма көз жаш төгүү үчүн революция жасаган эмеспиз. Биздин ушунча адамдар жасалма көз жаш үчүн шейит болгон жок", — деп айткан.

Iranian President Masoud Pezeshkian, Iran's Parliament speaker Mohammad Baqer Qalibaf and Chief Justice of Iran Gholam-hossein Mohseni Ejei with officials attend a prayer during a public farewell ceremony to pay their respects to late Supreme Leader Ayatollah Ali Khamenei. A large crowd can be seen in the background as everyone stands looking at the coffin

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан баштаган жетекчилер мурдагы жогорку лидердин жаназасына катышты, бирок Можтаба Хаменеи катышкан жок.

Associated Press жана The Guardian басылмаларынын маалыматына караганда, жекшемби күнү жаназа маалында айрым адамдар АКШнын президенти Дональд Трампты өлтүрүүгө чакырык жасашты.

Маалыматка ылайык, жаназанын алдында өткөн поэзия окуусунда акын Мохаммад Расули: "Трампты өлтүрүү — биздин милдетибиз", — деп айткан.

Ошондой эле Расули элди "Америкага өлүм!" жана "Израилге өлүм!" деген ураандарды айтууга чакырганы кабарланды.

Жекшемби күнү шаарда айрым адамдар "Трампты өлтүргүлө", "Бибини өлтүргүлө" (Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга карата айтылган каймана ат) жана "Биз өч алабыз" деген жазуулар түшүрүлгөн плакаттарды көтөрүп жүргөнү да маалымдалды.

A women holding a "kill Trump" sign

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жекшемби күнү аза күтүүчүлөр Трамп менен Нетаньяхуга каршы кыйкырып турушту

Тегеранда өтүп жаткан жаназа иш-чараларына эле Ирандын бардык аймактарынан 10 миллиондон ашык адам келери күтүлүүдө. Буга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүп, мамлекеттик маалымат каражаттары элдин тыгынынан улам кооптуу жагдай жаралышы мүмкүн экенин эскертишти.

Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги жекшемби күнү "Гранд Мосалла" диний комплексинде жана анын айланасында уюштурулган медициналык пункттарга 4 миңден ашуун адам кайрылганын билдирди. Бирок каза болгондор катталбаганы маалымдалды.

Жаназадан тартылган сүрөттөрдө элди ысыктан сактоо үчүн үстүнө суу бүркүлүп жатканын, ошондой эле дарыгерлер улгайган аялды замбилге салып алып кетип жатканын көрүүгө болот.

Али Хаменеинин табыты анын төрт тууганынын табыттары менен бирге көрсөтүлүүдө. Алардын арасында Тегерандагы соккулар учурунда каза болгон бир жаштагы небереси Захра Мохаммади Голпайегани да бар.

Али Хаменеи Иранды башкарып турганда Батыш менен тирешүү саясатын жүргүзүп келген. Ал жылдар бою Жакынкы Чыгыштагы АКШга жана Израилге каршы куралдуу топторду колдоп келген деп айтылып келет. Алардын катарына Газа тилкесиндеги ХАМАС, Ливандагы Хезболла жана Йемендеги Хуситтер кыймылы кирет.

Дүйшөмбү күнү Тегерандагы жүрүштөрдөн кийин Хаменеи табыты шейшемби күнү Кум шаарына, шаршембиде коңшу Ирактагы маанилүү шиит ыйык жайына жеткирилет. Анын сөөгү бейшембиде өлкөнүн түндүк-чыгышындагы өзү-туулуп өскөн Мешхедде жерге берилери пландалууда.