"Биз инвесторлорду колдойбуз, силер мыйзамды сактагыла"
"Биз инвесторлорду колдойбуз, силер мыйзамды сактагыла"
Published
Соңку күндөрү Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кытайлык мигранттардын катышуусундагы тартип бузуулар жана тил мыйзамдарынын талаптарын сактабаган учурлар коомдо кызуу талкуу жаратты. Буга байланыштуу бийлик тарабынан көрнөк-жарнактардагы тил эрежелерин иретке келтирүү, чет элдиктерге түшүндүрүү иштерин күчөтүү иштери жүрүүдө.



