Ташовдун апасы президентке кайрылды

Видеонун түшүндүрмөсү, Имамидин Ташовдун апасы президентке кайрылды
Ташовдун апасы президентке кайрылды
Published

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкек шаардык соту тарабынан 8 жылга соттолгон Имамидин Ташовдун апасы Саипжамал Абдукаимова 12-октябрда президентке кайрылып, уулунун ишин көзөмөлдөп, жардам берүүнү суранды. Садыр Жапаров 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөргөн.